skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Урмат-сыйга кантип татыктуу болуш керек?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b3Биздин жашообузда “урматтоо”, “сыйлоо” деген сөздөрдү көп кездештиребиз. Бирок, ошол эле учурда кимди, кайсы жерден, кантип сыйлоо керек экендигин анчалык түшүнө бербесек керек. Деги эле сый- урмат деген эмне? Адамдардын дээрлик басымдуу бөлүгү сый- урматты сылыктык менен алмаштырып алышат. Анткени, катуу үн чыгарып кайрылбасак, кагып- силкпесек, одоно сөз сүйлөбөсөк, демек, аны урматтап жатабыз деп түшүнүп алабыз. Сый- урмат көрсөтүү- бул маданияттуу жүрүм- турум эмес. Ошондуктан, маданияттуу жүрүм- турум, коомчулукта сылыктык көрсөтүүнү сый- урматка алмаштырып албоо керек. Адамдардын бири-бирине болгон мамилесинин алкагында сый- урматтын болушу зарыл-өзгөчө үй бүлөдө бекем сакталышы керек. “Сыйлайм” деген сөз иш жүзүндө алардын ишке ашышы кандай болот. Чындыгында сый- урмат түшүнүгү коомдо өтө маанилүү. Сый-урматты ар ким ар кандай түшүнүшөт. Мисалы, бири баш көтөрбөй, айтканын айткандай аткарып жүрө берсе аны сыйлайт деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, мындай учурда айрымдар ичинен жаман көрүшү толук мүмкүн. Сый-бул кайсы адамды сыйласаң, ошол тууралуу бир дагы жаман ойдун жоктугу. Ага дайыма жакшылыктарды каалап туруу. Адам биринчи өзүн сыйлаш керек. Өзүн сыйлай албаган, өзгөнү эч качан урматтай албайт-деген кеп бекеринен айтылбаса керек.
Сый демекчи,  сыйды биз эң биринчиден ата-энебизге же дос-туугандарыбызга гана көрсөтпөстөн, адам атуунун баарын урматтап турушубуз керек. Ошондо гана алардын бизге болгон сый-урматты өз калыбына келет. Колунда барды сыйлап, колунда жокту карабай кетүү туура эмес. Байлыгына карап сыйлоо-бул урмат эмес. Муну биз-кошомат деп койсок да болот же жөн гана жагалдануу. Ойлоп көрсөк, урмат-сыйды көп нерсе менен алмаштырып алат экенбиз. Эми окурман жыйынтыктыкты сизге тапшыралы…”Сый” деген сөздү өзүңүз аңдап түшүнөрсүз жана кимге урмат көрсөтөсүз ал да өз колуңузда!
Мындан кийинки маселеге өтө турган болсок, эми өзүбүз кантип сыйга татыктуу боло алабыз. Биз эң биринчиден “неге мени сыйлашпайт”-деп ойлонбой, “мен неге сыйлабастыкка жол берип жатам” деген суроону коюшубуз керек. Эгер бул маселеге жооп издей турган болсок, ал дагы айланып келип өзүбүзгө такалат. Сиз өзүңүз сый- урматка татыктуу болууну каалсаңыз, алгач, аларга сый- урмат көрсөтүңүз.-деген кеп сыйга тиешелүү бир топ суроого жооп болсо керек. Канткен күндө да, башканы сыйлаганды, сыйга ээ болгонду да билишибиз керек.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск