skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Унутчаактыкты кантип жеңүү керек?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

      Мээ кандай учурда эс алат…

Адам баласы 20 мүнөт ичинде эстеген маалыматтардын 30 пайызын, ал эми жарым саатта 50 пайызын унутуп калат экен. Андай болсо эс тутумду кантип жакшырта алабыз деген суроого сергек жашоо программасынын алкагында жооп берели. Кызматта Айбек Алиев.

Көнүгүү

 Табышмактар, логикалык суроолорду чечүү, ырларды жаттоо, чет тилдерин үйрөнүү-мээнин жумуш иштөөсүнө арналган эң жакшы ыкмалардын бири. Булар пайдалуу жана жеңил ыкмалар.

Жүзүм ширеси

 Күндөлүк тамактануу рационубузга жүзүм ширесин кошсок, эске сактоо мүмкүнчүлүгүбүз 20 пайызга жакшырат. Жүзүм ширеси кочкул кызыл (фиолетовый) болушу керек. Анын курамында мээнин иштөөсүн жакшыртуучу антиоксиданттар көп.

Физикалык активдүүлүк

Жөө жүрүү, жүгүрүү менен бийлөө — денени машыктыруу, эсте сактоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуучу ыкмалардын бири. Мындай активдүүлүк эске сактоодо жардам берчү клеткалардын пайда болушуна өбөлгө түзөт.

Сүйлөө

 Эгер биз телефон номерин, үй дарегин же болбосо бирөөнүн аты-жөнүн сүйлөп, үн чыгарып айтсак мээбиз ошону жаттап калат. Бул жазып алуу ыкмасына караганда тез жүзөгө ашуучу кубулуштардын бири.

Уйку

 Жакшы уйку– ден соолуктун кепилдиги. Уйкусун кандырган адамдардын өмүрү узун болот. Уктап жаткан кезде организм бошоңдоп, эс алат. Жашартуучу гормондордун кызматы тезден иштелип чыгат. Уйкусу канган организм маалыматты 2 эсе жакшы эсте сактайт.

Көзгө арналган көнүгүү

Эгер күндө эртең менен 30 секунд бою көзүңүзгө көнүгүү жасап турсаңыз, эс тутум 10 пайызга жакшырат. Бул окумуштуулар тарабынан далилденген.

Туура тамактануу

Туура тамактануу эске сактоого бирден-бир таасир берет. Эң алгач антиоксиданттарды кабылдоо керек. Кара өрүк, жаңгак, кызылча, цитрус өсүмдүктөрү, кара булдүркөн менен мейизди көбурөөк жеп туруу кажет.

Витаминдер

 Пайдалуу витаминдер – В тобундагы витаминдер болуп саналат. В12 витамини (балык, эт, жумуртка, тоок эти) жетишпесе эске сактоо мүмкүнчүлүгү жабыркайт. Бул витамин жумуш иштөөдө жардамчы болуп саналат. Ошондой эле С, Е витаминдерин да кабылдап турууну унутпашыбз керек экен достор.

Ардактуу угармандар, келиниздер  эс тутумубузга кобуроок кам коргонго аракет кылалы. Болгону ал нерсеге бизге туруктуулук керек экенин унутпайлы. Сергек жашоо беруусу оз сонуна келип жетти. Аты-жонум Айбек Алиев.  Ден-соолук озубуздун колубузда!

SERGEK_250517

 

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Один комментарий на «“Унутчаактыкты кантип жеңүү керек?”»

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск