skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Стресстен кантип арылабыз?!

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Сергек жашоо

Барыныздарга ыссык салам. Коптогон туйшук-маселелер бизди кабатыр кылат. Ал учурда биз озубуздун эмоцияларыбызга алдырып башка адамдарды ыза кылып коюшубуз толук ыктымал. Ага эмне себеп болушу мумкун. Балким стресс болуп журбосун. Ардактуу угармандар биз бугун стресстен кантип арылуу жонундо кеп кылмакчыбыз.

Азыркы учурда стресс, стресстик абал чоң-кичине дебей баарыбызда кездешүүдө. «ХХI кылымдын чумасы» деп медиктердин жана окумуштуулардын да айткандары бекеринен эместир. Стресстик абалга тушууго жөнү жок  туталангычтык, чочулоо, ачуулануу, кан басымдын көтөрүлүшү, көңүлдүн чөгушуу себеп болот. Бирок, алдын ала өзүбүздү ойлой, ойлонуп иш кылуу менен сресстен айланып өтүүгө кантип болбосун.

Эгер, иш учурунда дегеле күнүмдүк жашоодо кыжырданып стресстик абалга тушуксаңыз төмөндөгү медиктердин жөпжөнөкөй кеңештери жардамга келет.

  • Стресске каршы мыкты каражаттардын бири болуп чыңдануу жана эс алуу саналат. Жөн отурбай жаңгак чагып жесеңиз өтө пайдалуу. Себеби дегенде жаңгак В жана Е витаминдерине бай келет.
  • Эки кулагыңызды бир минутадай укалоону сунуш кылабыз. Кулак денебиздеги эң бир сезимтал органдардын бири.
  • Стресстен тез арылууга чай дагы жардамга келет. Кара чайдын курамында организмге жардам бере турган стресстик абалга каршы туруучу заттар бар.
  • Эмгектенүү менен алаксып стресстен арылсаңыз болот. Иш убактысы бүткөндө иш үстөлүңүздүн үстүн жыйноо, эртеңки иш күнүңүздү кагазга жазып, пландоо сизди алаксытатат.
  • Түштөнүү убагында же иш учурундагы эс алуу убактысында башка жерге чыгып, иш үстөлүнөн алыс эле болгон оң. Иштегенди билген, убагы менен эс алууну да унутпаңыз.
  • Дене тарбия көнүгүүлөр – стресстен арылуунун дагы бир бутагы. Бүт убактыңызды спортко толугу менен арнаңыз дегенден алыспыз, жөн гана жеңил көнүгүүлөрдү аткаруу жолу менен жеңилдеп алсаңыз болот. Мисалга, ордуңуздан отуруп туруу, кол-бутту алдыга артка кыймылдатуу.

Достор, ар бир айтылган кенеш албетте сиздер учун болду. Кандайдыр бир ченемде оз пайдасын берет деген ишеничтебиз. Албетте булл Сергек Жашоо беруусу. Программабызды шейшемби, бейшемби кундору саат 10.30 жана 21.30 уга аласыздар. Эгерде сиз тараптан сунуштар болсо анда биздин вотсап номерибизге узатсаныз болот. 0701   53  10  66.  Кызматыныздарда болгон Айбек Алиев. Кайрадан угушканча сергек бололу!

______________________________________________________________________________________________________________________

стресс 090317

 

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск