skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Ресторанга же кафеге барганда өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керек…?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b6       Кандайдыр бир учурда биз кафе, ресторанга барганда өзүбүздү ыңгайлуу сезсек, кай бир жерде өзүбүздөн өзүбүз ыңгайсыздана беребиз. Мунун баары бизди курчап турган адамдарга көз каранды. Мисалы, бир конокко барсак, тааныштарыбыз көп болсо, биринде такыр бейтааныш адамдар менен бирге отуруп калышыбыз мүмкүн. Адам өзүн ыңгайсыз сезе баштаганда, туура эмес иштерди кылып алышы толук мүмкүн. Мисалы, кашыгын же стаканын колунан түшүрүп, болбосо тамагын төгүп алат. Эми ушул кафе, ресторанга барганда айрым бир эрежелерге көңүлүбүздү бурсак:
•  Алгач кафеге кирип бара жаткан учурда өзүбүздөн улуу кишилерди өткөрөбүз. Эркек балдар кыз кишини сыйлап, эшикти ачып берип, биринчи киргизиши керек.
• Өзүбүздөн улуу кишинин отургучка отургузуп жана сырт кийимин чечүүгө жардам көрсөтүшүбүз керек.
• Баары орундукка отурган соң, дасторконго биринчи кол салгандан алыс болуңуз. Ал жерде сизден улуу да, сыйлуу да адамдар болуп калышы мүмкүн.
• Жакын таанышыңыз менен шыбырашып же жеке жашооңуз тууралу сүйлөшпөңүз. Башкаларга ыңгайсыздык жаратып коюшуңуз толук ыктымал.
• Столдо отурганда, тааныштар да, тааныш эместер да баарын байкап отурат. Андай учурда тамакты эч убакта шашып жебеңиз. (төгүп же какап кетсеңиз, өзүңүзгө эле ыңгайсыз болот.)
• Отурганда түз, өзүңүздүн ыңгайыңызга карап отуруңуз. Эс алганыңызга жакшы болот.
• Столдун четинде отурганда жаагыңызды таянып отурбаңыз, өзгөнүн көзүнө өтө одо көрүнөт.
• Жакшылыкка барган соң көңүлүңүздү көтөрүп, башыңыздагы болгон маселени унутуп салыңыз. Сиздин маанайыңыздын пастыгы жаныңыздагы адамдарга таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.2
• Жаныңзда отургандар менен жакшы тил табыша билиңиз. Сиз отурган столдун көркүн сиз ачып коюшуңуз мүмкун жана ал маанайыңыз үчүн көп кишинин эсинде каласыз.
• Башка бирөөнүн кийимине сын айтып, алдыга келген тамакты жыттап же тамактын кемчиликтерин эч качан айтпаңыз. Бул нерсе көп кишинин кыжырын кайнатат.
• Эгер кимдир бирөө бийге чакырса, баш тарпастан бийлеп, көңүлүңузду ачыңыз. Андан баш тартуу менен анын шагын сындырып коюшуңуз мүмкүн.
• Сизге тост кезеги келген болсо, уялбай,  тартынбай болгон калоо тилегиңзди айтып коюңуз. Сиздин тартынчаактыгыңыз ар кимди жаман ойго түртүшү мүмкүн.
• Сүйлөгөн тостуңуз маанилүү кыска болсо, эң жакшы болсун. Көп сүйлөсөңүз жаныңыздагылар тажап кетиши мүмкүн.Ресторан La Tagliatella-5
• Столдун четинде отурганда таранып, күзгүгө көрүнгөндөн алыс болуңуз. Бул нерсе ашыкча көңүлдү талап кылат жана айрымдар ирээнжип калышы да ыктымал.
• Кашык-вилкалар менен тарелкаларды же столдун үстүн чакылап ойнобоңуз.
• Кашык-вилкаларды тамактанып бүткөн соң бош тарелканын ичине салып коюңуз. Антпесе, дасторкон булганып калат.33
• Жаныңызда отурган улуу кишинин тарелкасын тамак-аш салып берип туруңуз. Бул сиздин сыйкеч, тартиптүү экениңизден кабар берет.
• Тамак жеп жатканда сүйлөбөй койсоңуз оң болот. Анткени оозунда тамак бар адам сүйлөсө, оозунан тамактардын калдыгы чачырап кетиши мүмкүн. Бул нерсе айрым адамдарды жийиркенүүгө алып келет.
• Тамактанып бүткөн соң баары менен чогу бата кылыңыз. Алардан биринчи тура калбаңыз, болбосо шыгыратып баштыгыңызга ар нерсени салбаңыз.
• Кетип бара жатканда жаңызда отургандар менен коштошуп, алар менен таанышканыңызга кубанычта экениңизди билдирсеңиз, анда  мыкты болосуз!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск