skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Кошуналар менен кантип ынтымакты бекемдесе болот?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b13Адамдын кандай экендигин аны биринчи көргөндө эле байкаса болот. Эң биринчи биздеги этикеттердин сап башында учурашуу турат. Биз дайыма кошуналарыбыз менен учурашып турушубуз керек.( жада калса аны жакшы тааныбасак да) Кыргыз элинде жакшы сөз бар, “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген. Эми ушул сөздүн маанисине умтулуп, кошуналарыбыз менен сый мамиледе болушубуз керек.. Анткени сыркы курчап турган чөйрө сиздин күнүмдүк маанайынызга таасырин тийгизип турат. Үйдөн сыртка чыккан кезде, коңшубуздун уйун көрүп жакшы ойлор пайда болгудай абалды түзүп алуу биздин колубузда. Андыктан кошуна менен пикир келишпектерди жаратпаганга аракет кылыңыз.  Андан соң, балдарга катуу кыйкыруу же үйдөгү чыр-чатактарда ачууга алдыруунун, радио, музыкалардын үнүн жогорулатуунун кажети жок. Анткени кошунанызды ирээнжитип алышыныз мүмкүн. ( же болбосо ага тынчтык берүүнү ойлонуңуз)Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мыйзамында көп кабаттуу үйлөрдө жашагандарга ызы-чуу иштерди, тактап айтканда музыка коюуга кечки саат 10го чейин гана уруксат берилген.  Эгер сиз кошунаныздан үтүк же кант сыяктуу керектүү нерселерди алган болсоңуз, өз убагында кайра кайрып бергениңиз оң. Ал эми алар сизден сурап келсе, бериңиз( кандайдыр бир убакта сизге алардын да жардамы тиет) Эгер сиз кошунаңызга карата кандайдыр бир сын пикиринизди айткан болсонуз, ото одоно ката кетирген болосуз. Себеби, бул жашоодо ар ким өз шартына жара өмүр сүрөт (КЕМСИНТУУНУ ТАКЫР ЭСИНИЗГЕ ДА АЛБАНЫЗ)
Үйүнүздө жакшы жөрөлгө болсо, коңшунузду чапкырууну унутпаңыз.
Кошунанызга дайыма кол кабыш кылып туруңуз. Балдарынызга алар тууралуу жаман нерсе айтпаныз. (балалык кылып кайра кошунанызга айтып коюушу мүмкүн))))

Эгер сиздердин ортодо түшүнбөстүктөр пайда болсо ачууга алдырбай, жай сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Анткени алар менен өмүр бою кошуна жашайсыз.
Кошунаныздын турак жайына же анын айланасына жакын жерге эч убакта таштанды таштабаңыз. Алар байкап калса ортонуздардан кара мышык өтүп кетиши толук ыктымал. Болбогон нерсени сурап улам сайын бара бергениңиз туура эмес. Анын убактысын текке кетирип коюшуңуз мүмкүн.
Кошунаңызды сыйласаңыз анын үй жаныбарларына да аяр мамиле кылыныз. Коңшуңуз үйүнүзгө кирип калса чайга чакырыңыз, эң жок дегенде нан ооз тийгизиңиз. Баарыбыз билгендей, бул кыргыздардан калган салт болуп саналат.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск