skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Коомдук транспорттогу эң жөнөкөй эрежелер

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b14Коомдук транспортто эң жөнөкөй эрежелерди сактабагандык бир катар уруштарды алып келиши мүмкүн. Коомдук маршруткалардын ичиндеги тазалык да адамдардын маданияттуулугуна көз каранды. Коомдук унааларда өзүңүздү кандай алып жүрүштү албетте сиз билесиз. Ошентсе дагы бир ирээт эсиңизге салып коелу.
Андыктан көңүлүңүздү буруп коюңуз:
Эң биринчиден кыз келиндерди жана кара адамдарды коомдук унаанын эшигин ачып өткөрүп жибериңиз. Бул сиздин маданияттуулугуңуздун биринчи тепкичи.

Эгер эркек кишилер аларга жардам берүүнү кааласа андан, “Келиңиз жардам берейин” деген сөздү айтып андан соң жардам бергенге өтүңүз.
Эгер кийинки аялдамадан түшпөсөңүз артка жылып алыңыз. Жерге түшө тургундарга жолтоо болбуп калышыңыз мүмкүн.
Тариптүү адам кары адамдарга, балдарга жана кош бойлуу, жалпы эле аялзатына орун бошотуп берүүсү керек. Анткени аял кишини “эне” катары сыйласа, өздөрү да бала болгонун жана карылыкка моюн сунаарын эстен чыгарбаса керек.
Унаада чылым чегүү жана тамкатанууга тыюу салынат. Анткени булар өтө одоно көрүнүш. Жада калса бул айдоочуга да таандык.
Андан тышкары унаада отуруп тырмак тазалап, тиш жана кулакты чукубаш керек экендиги айтпаса да белгилүү.
Автобус, маршрутка жана таксилерден газета китеп окугандан баш тартыңыз. Ал көзүңүздүн начар көрүүсүнө алып келет.
Коомдук транспортко түшүп жатканда сумкаңызды колуңузга кармап алганыңыз оң, себеби, ары бери өткөндөргө тоскоол болосуз.
Эгер сизге торт же гүлдү кармап турган оор болуп жатса, анда отургандарган сылык гана жардам сураңыз.
Унаанын ичинен катуу күлүп, сүйлошүп же өзүңүздүн жеке маселеңизди кимдир бирөө менен талкулоо өтө жаман көрүнүш. Ал маселе анткени сизге гана таандык жана сизден бөлөк эч кимди кызыктырбайт.
Башкалар отура турган орундарды баштыктарыңыз менен ээлебениз. Башкалар отурганга да шарт түзүңүз. Үй жаныбарлары менен транспортторго түшүүгө таптакыр тыюу салынат. Түшө турган жериңизди эртерээк айтып, түшкөнгө эртерээк камыныныз. Адамдарды сүзүп өтпөй жол бошотуп берүүсүн сураныңыз.Башкаларга орун бошотуп берип жатып “Отуруп алыңыз” деген сөздү сөзсүз айтыныз. Эгер сизге орун бошотуп берсе анда, ыраазычылыгыңызды билдирүүнү унутпаңыз. Кары адамдарга, балдарга жана кош бойлуу айымдарга колуңуздан келсе ар  дайым жардам берип туруңуз.  Коомдук унаадларга түшкөндө баардык нерсеге көңүл коюп караңыз. Жеке буюмдарыңызды жоготуп алуудан сак болуңуз.
Албетте жол кирени берүүнү унутпаңыз. Анткени башка бирөөнүн эмгегин жеп оокат өткөрө албайсыз!

 

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск