skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Конок-койдон жоош…

b4Азыр көп учурда конокту  кафе, ресторандардан тособуз. Ал эми кедээ аталган жайларга барууга шарт келбей калышы мүмкүн. Андай убакта үйгө тосууга туура келет. Үйгө мейман күтүү бир чети арзан болсо, бир чети көп эмгекти талап кылаарын баарыбыз эле билсек керек.  Антсе да, үй шартында конок тосууну жакшылап өздөштүрүп алууга эмне жетсин! Келиңиз анда конок тосуунун азын-оолак сырларына көңүл буралы.
1)  Адам конок тосууда кандай экендиги, мейманды үйгө киргизүүдөн башталат. Анда эшикти ачканда жарык маанай менен тосуп алуу керек. Анча-мынча көйгөйлөрдү эстен чыгарып койсок да болот.
2)  Андан соң, үйгө конок келээрде, кабанаак ит болсо, аны сөз жок байлап коюуңуз. Болбосо, ал мейманга үрүп, бир топ ыңгайсыздыкты жаратышы толук мүмкүн.
3)  Меймандарды үйгө киргизээрде аларды биринчи киргизсек туура болот.
4)  Анын ортосунда ал-акылбалды суроо конокторго мыкты маанай тартуулайт.
5)  Дасторконго отурган соң, чайды кечиктирбей алып келсе-бул үйдө мыкты кожойке бар экендигинен кабар берет.15
6)  Дасторкон кандай деңгээлде даярдалгандыгы мааниге ээ эмес, негизгиси үй ээсинин пейили кең болсо болду.
7) Алардын алдындагы тарелкаларга салаттан, башка тамак-аштан салып берсеңиз, конокко мыкты көңүл бурган болосуз.
8) Анын ортосунда жакшы маанайдагы сөздөрдөн сүйлөп, отуруңуз.
9) Келген конокту жаркын маанайда, жакшы ой менен тосуп алсаңыз, дасторконуңуз ошончолук берекелүү болот.
10) Бул учурда үйдүн кожоюуну менен кожойкенин ортосундагы мамиле да мыкты болуш керек.
11)  Конок келген учурда балдарыңыз тентек кылып жатса, кыйкырып урушпаңыз. Бул биринчиден одоно көрүнсө, экинчиден ыңгайсыздыкты пайда кылыт.
12) Меймандар мыкты деңгээлде эс алып кетсин үчүн шарт түзүп бериңиз. Мисалы, аларды ырдатып, бийлетип, эшикке алып чыгып ойнотуп дегендей.
13) Кожойке мыкты болсо, айымдардын ортосунда “ушакты” сүйлөбөй, айымдарга болгон кеңештерди же сунуштарды айтып сүйлөшүп отуруу да жакшы жагдайды пайда кылат.
14) Тамакты да кечиктирбей, меймандарды күттүрбөй алып келүү кажет.
15) Үйгө конок келгенде дагы бир одоно көрүнүш-бул алардын көзүнчө үй шыпырып, пол жууп же үй оокаттарын кылуу. Мындай учурда келгендерге жакшы көңүл бура албай калышыңыз мүмкүн.
“Конок койдон жоош”-деген мыкты макал бар элибизде. Анын сыңарындай, келген киши унчукпай конок болуп кете берет. Бирок, туура эмес учурлар катталса, ал сиз тууралуу жаман ойдо калышы мүмкүн. Андыктан баарына дыкааттык менен мамиле кылууга аракет кылыңыз.
16) “Кел демек бар, кет демек жок” дегендей, коноктор кетээр маалда кыргыздарда көнүмүш адатка айланган “баштык” даярдап берүүнү эстен чыгарбаңыз.
17) Аларды үйдөн чыгарып жатканда, меймандын артынан эмес, алдына түшүп басыңыз.
18) Адаттагыдай маанайды көтөрүп коштошуп, алардын дагы да келип турууларын өтүнүңүз. Бул сиздин кең пейилдүү адам экендигиңизди далилдейт!

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск