skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Кечирип кой өткөн менен кеткенди…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b8Баарыбыз пенде болгондон кийин күнүгө жүз жаңылабыз. Эми ошол жаңылган кезде, кетирген каталарыбыз, тийгизен зыяныбыз үчүн жоро-жолдош болобу, тууганың болобу же ата-энеңби, же тааныбаган эле адамбы, биз алардын кечирим сурап турушубуз керек.
Кечире билген адам- күчтүү, ал эми кечирим сурай билген адам- мыкты демекчи, азыр туура кечирим суроонун бир нече эрежелери менен таанышып алыңыздар!

Мыкты адам демекчи, мыкты кишилер өз каталарын сезе билет. Каталык кетиргенин сезген адам, демек кечирим сурай алат.
Жашоодо олдоксон жүргөнүбүздүн азабынан көп адамдарды таарынтып алабыз. Бирөөнү тарынткан соң, адилетүү ойлонушубуз шарт. Таарынычтын себебин чындык менен гана коштолушу керек. Мүмкүн ал таарынычка сиздин тиешеңиз жок болуп жүрбөсун…?
Эгер күнөө сизден кеткен болсо, ал адамдын жанына барып, көзүнө тике карап кечирим сураңыз. Тике карагандын себеби-адамдын көзүнөн баарын туйса болот. Демек, кечирим сурап жаткан учурда ал адам сизди кечирдиби же жокпу биле аласыз.
Жумуштан жетекчилик менен пикир келишпестиктер көп кездешет. Мүмкүн туура эмес иш кылып коесуз же жумушту аягына чыгарбай калсыз, эң эле жөнөкөй нерсе жумушка кечигип калышыңыз толук мүмкун. Мындай кырдаалда кааласаңыз да,  каалабасаңыз да жетекчини туура. Бул абалдан чыгуу үчүн жай гана ал адамдын жанына барасыз да, кечирим сурап коюңуз. Ал киши жакшы айтса да, жаман айтса да, унчукпаңыз. Андай учурда “унчукпаган үйдөй балееден кутулат” деген накыл кептин негизинде гана иш кылыңыз. Бул сизди ашыкча кечирим суроодон сактайт.
Ал эми коомдук жерлерде, унааларда ыңгайсыз абалга көп кездешебиз. Балким бирөөнүн бутун тебелеп аласыз, балким түртүп кетесиз… кырдаалды татаалдантпай дароо кечирим сурап коюңуз. Эгер ал адам сизди туура түшүнбөй андан ары сүйлөнүп же кыйкырса, унчукпастан басып кетиңиз. Ал кеч болсо да, баары бир баарын ойлонот…
Эгер сиз, бирөө менен баарылашып отурсаңыз, суроо берүүнүн алдында кечирим сурап туруп, анан суроону узатыңыз. Же анын сөзүнө кошумчалагыңыз келсе, “бөлгөнүм үчүн кечирим сурайм” деп айтып андан соң уланта берсеңиз болот. Бул сиздин маданияттуулугуңуздан кабар берет.
Эгер жолуугуга кечигип же бара албай калсаңыз, акырын гана кечирим сурап  коюңуз. Ашыкча түшүндүрмө берүүңүздүн кажети жок. “Түшүндүрүү көпчүлүк учурда актануу болуп чыга келек” дегендей, сиздин түшүндүрүп жатканыңызды алар актанып жатат деп ойлоп калышы ыктымал.
Эгер конокко барып, бирок эрте кетиш керек болсо, үй ээсинен кечирим сурап, анан чыгып кетсеңиз жакшы болот.
Жакындарыбыз, болбосо тааныштарыбыз менен чогу отурганда ашыкча тамашалап же ошол эле учурда туура эмес сүйлөп алган учурлар көп катталат. Андай учурда “тамаша да, эч нерсе болбойт” деген ойдон алыс болуңуз. Ар кимдин мүнөзү ар кандай, тамаша болсо да, көкүрөгүнө сактап калышы мүмкун. Же андай абалга сиз, өзүңүз кабылып калышыңыз мүмкүн!
Албетте кечирим суроо өтө эле оор. Анткени анда өзүбүздүн күнөөбүздү сезебиз, туябыз. Ал эми күнөөнү сезеүү бул, жан дүйнөбүзгө бир топ эле оордукту алып келет. Андай учурда өзүбүздү-өзүбүз жек көрүп калышыбыз да мүмкүн!!! Андыктан түз жүрүп, чеги менен сүйлөп, чеги менен тамашалаганга үйрөнүшүбүз керек жана өзүбүздү-өзүбүз тарбиялай билүүбүз кажет. Бул нерсе бизди кыжаалат ойлордон, ашыкча кечирим сурагандан сактайт.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск