skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Кечеңдеткен иштерди аткаруу…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

      Саат тагынуу керекпи?

 

 

Саламсатсыздарбы ардактуу угармандар! Келиниздер, биргеликте Турмушубуздагы оор маселелерди бирге чечели. Буга чейин кечеңдетип келген иштерди аткаруудан баштаңыз. Мисалы, тааныштарыңызга жазып же чалыңыз, үйүңүздү жана бакчаңызды жыйнап, автоунааңызды оңдотуп текшерүүдөн өткөрүңүз, документтериңизди иретке келтириңиз, даамдуу тамак жасаңыз. Мына ушундай буга чейин кечеңдетип келген жумушту кылуу өзүңүздү жогору баалоого оң таасир берет экен. Кантип озубузго ишенген адам болобуз, алдыда Сергек жашоо беруусунун алкагында айтып бермекчибиз. Кызматта Айбек Алиев.

Мыкты билген нерсе менен алектениңиз. Бул ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Сууда сүзүү, чуркоо, бийлөө, тамак жасоо, сүрөт тартуу, ыр жазуу ж.б. Бул сиздин мыкты өздөштүргөн жумушуңуз болгондуктан эргүү жана өзүңүзгө болгон ишеним пайда болот. Мындай иш-аракеттер менен өзүн-өзү төмөн баалоого каршы турууга болот. Жактырган жумушуңуз менен жок дегенде жумасына бир жолу алектениңиз.

Комплименттерди кабыл алганды үйрөнүңүз. Озун озу төмөн баалаган адамдар комплименттерге аябай муктаж болушат. Ошол эле кезде аны туура кабыл алып жооп берүүнү биле беришпейт. Өзүңүздү ыңгайсыз сезип жаткан чакта да комплименттерди кабыл алууга көнүңүз. Дарегиңизге айтылган жылуу сөздөргө ыраазычылык билдирип баштасаңыз, убакыттын өтүшү менен аларга жооп берүү сизге оорчулук туудурбай калат. Анткени ал кезде сиздин  баалооңуз бир канча жогорулап калган болот.

Күзгү менен сүйлөшүңүз. Кулакка жат угулганына карабай күзгүнү карап өзүңүздүн элесиңиз менен сүйлөшүүнү үйрөнүшүңүз кажет. Тек гана сүйлөшүп койбой, сиз эң мыкты, эң жөндөмдүү, эң ишенимдүү экениңизге өзүңүздү ынандырып сүйлөшүүңүз керек. Бул нерсе кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Ага анчейин маани бербестен аткарып көрүүгө киришиңиз. Элесиңизди өз күчүңүзгө жана айткан сөздөрүңүздүн тууралыгына ишендириңиз.

Кайрымдуулук менен алектениңиз. Башкаларга жардам берүү адамдын өзүн жакшы сезишин шарттайт. Ыктыярчы болуу жана кайрымдуулук менен алектенүү адамды кубандырып бактылуу кылат. Жардамга муктаж болгондордун арасында жүрүү менен өзүңүздө болгон нерселердин баркына жете баштайсыз.

Жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Биринчиден, бул кызыктуу жана көңүлдүү болот. Экинчиден, сиз жаңы тааныштарды жана досторду табасыз. Атайын курстарга жазылуу менен жаңы көндүмдөргө үйрөнүп кетсеңиз болот. Балким, сизде көп жылдардан бери мыкты ашпозчу, колунан көөрү төгүлгөн чебер, мыкты сүрөтчү, кыйын шахматист ачыкка чыга албай катылып жүргөн чыгар. Ким билет, туурабы достор!

Программабызда оз сонуна келип жетти. Жогорууда айтылган кенештер  жашообузга жардам берип жана сергек болууга да туртку болоорун унутпайлы… Аты-жонум Айбек Алиев. Сергек бололу!

 

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск