skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Карысы бардын ырысы бар

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b7Качан адам карылыкка моюн суна баштаганда, ал социалдык-психологиялык маселелер көп жарала баштайт. Ал эми жаш муун аларды түшүнбөйт андан тышкары, жеке маселеси да жаралышы мүмкүн. Мисалы, эс тутуму, угуусу, көрүүсү начарлай баштайт.  Мындай учурда кары адамдар тынчсызданып, кандайдыр бир коркунучту сезе башташат.  Качан, кайдан каза болуп калам деп сарсанаага батышат. Мындай абалда, жаштар аларды түшүнбөстөн, таарынтып же туура эмес сүйлөп алышаары толук мүмкүн. Адам карыса, жаш баланыкындай мүнөзгө ээ болуп калат деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан жаш балдарга кандай аяр мамиле жасасак, карыларга да ошондой мамиле кылууга туура келет…..Адаттагыдай, алтын эрежелерди алдыңарга сунуштайбыз.
1)  Эгер үйүңүздө кары адам болсо, анын көңүлүн таап сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. Аларга катуу айтуунун же ашыкча тамашалашуунун кажети жок. Биринчвиден ал сиздин тең-тушуңуз эмес, экинчиден улуу катары сый көрсөтүү керек.
2) Алардын кыймыл аракетин, болбосо сүйлөгөн сөзүнө же кийинип жүргөн кийимине сын айтуудан алыс болуңуз. (карып калгадыгына байланыштуу андай нерселер макни бербестигин эске алыңыз)
3) Эгер кары адам туура эмес иш жасап койсо, акыр гана артынан барып оңдоп коюңуз.
4) Аны менен баарылашып жатканда алардын оозунан сөзүн жулуп алуудан алыс болуңуз. (алар башкача тарбия менен өсүшкөндүктөн андайды жактыра беришпейт)
5) Өзүңүздүн досторуңуз же сизге кызыктуу нерселерди айтып берүүдөн алыс болуңуз.
6) Алардан атасы ким, энеси ким болгон, балалыгы кандай өткөн тууралуу сурасаңыз, алар башкача сезим менен айтып беришет. Өткөндү эстөө башкача болоорун баарыбыз элк билсек керек.
7) Эгер алар өздөрүн карап, жакшы кийимдерди кийгилери келсе, сөзсүз түрдө жардам бериңиз. ( Алар да сизге окшоп жашагылары келишет.)
8) Түндө болобу, күндүз болобу, суранган нерсесин аткарып туруңуз.
9) Аларга жагымдуу сөздөрдөн айтып, пайдалуу кеңештериңиз менен бөлүшүп, дүйнөдө болуп жаткан кызыктуу окуялардан айтып берип туруңуз.
10) Ал адамдардан батасын алып, алардын да кеңешин четке6 какпай угуп туруңуз.

Мына достор, убакыттын өтүшү менен биз баарыбыз карылыкка моюн сунабы. Кааласак да, калаабасак да мындай нерсе биздин башыбызга келет. Ошдуктан, аларга жакшы мамиле жасап турсаңыз, карыганда сиз да ошочолук сый көрөсүз.
“Ар бир адам көп жашагысы келек, бирок карыгылары келбейт” дегендей, көп жашайлы, эч качан карыбайлы!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск