skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Көчөдө жүргөндө өзүңүздү кандай алып жүрүүнү билесизби!?

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b15Биз дайыма эл көп жерден жана көчөдө басып бара жатканда айланабызда болуп жаткан окуяларга көңүл буруп турушубуз зарыл. Көчөгө чыгаардын алдын күзгүгө каранып, таза кийим кийип чыкканга аракет кылышыбыз керек. Анткени ар бир адам кишинин сыркы келбетине биринчи көз жүгүртөт.  

Мындан тышкары коомдук жерлерде жүргөндө сизден жагымсыз жыт жыттанбаганы дурус.( Жагымсыз жыт көпчүлүк адамдарды ирээнжитет).  Көчөдө өзгөчө майыптарга, кары адамдарга жана кичине балдарга көңүл буруңуз. Аларга колуңуздан келсе жол бошотуп бериңиз.
Мындан тышкары, сумканы оң колго көтөргөнгө аракет кылыңыз. Карама карша келе жаткан адамга жолтоо болушунуз толук мүмкүн.
Ал эми жаан жааган күнү колуңузда кол чатыр бар болсо, анда аны узунунан кармаңыз жана ары-бери ыргытып ойнобоңуз. Жаныңызда өтүп бара жаткандар жапа чегип калышы мүмкүн. Эгер кол чатырдын алдында экөөңүздөр келе жатсаңар, анда кол чатырды  эркек киши же кичүүсү кармаганы туура.
Көчөдө катуу сүйлөө, кыйкыруу, ышкыруу, ырдоо, сөгүнүү жана бирөө менен урушуу өтө одоно көрүнөт. Жай жана сылык сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. (Себеби, коомдук жайда сиз эле жүргөн жоксуз!)

Мекеменин жанынан өтүп бара жатсаңыз, анын терезесин эч убакта күзгү катары каранбаңыз. (имараттын ичинде иштеген адамдар бар, аларга күлкүлүү көрүнүшү мүмкүн).
Колуңузда кандайдыр бир таштанды болсо, аны сөзсүз акыр-чикир салган ящиктерге таштаңыз. (Шаардын тазалыгы сиздин колңузда экенин унутпаңыз!)
Жолдун аркы же берки тарабына  өтүп жатканда этияттык менен унааларга көңүл коюуп басыңыз. (Абайлабасаңыз өмүрүңзгө коркунуч алып келиши мүмкүн.)
Басып бара жатып же элдер өтүп бара жаткан учурда тамак жеп, семичке чагып, көчөго түкүрүү туура эмес көрүнүш! (бизден эаш балдар үлгү алып өсүшү керек)
Эгер бара турган жериңизди таппай, бирөөдөн сураш керек болсо, сурооңузду сылык, түшүнүктүү жана адамдын убактысын албагыдай батырак кайрылыңыз. (азыркы заманда бош киши жок. Эгер ал адам билбесе же жооп бербей өтүп кетсе, башкаларга кайрылууну улантыңыз жана ал үчүн башкаларга ызаланбаңыз. Ар кимдин мүнөзү ар кандай!)

Бирөөнүн акшыйып  кароо, сын айтуу же жеке өзүнө тиешелүү суроолорду берүү маданиятсыздык!
Ар дайым шаардын тазалыгына көңүл бурууну унутпаңыз!
Келгиле келечек биздин колдо болгон соң, маданияттуулукту эстен чыгарбайлы!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск