skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Үйүнүздү өзгөчө кылган жасалгалоолор

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Аз убакыттын ичинде көп болбосо дагы пайдалуу маалымат тартуулаганга аракет кылабыз.

Үйүнүздү өзгөчө кылган жасалгалоо тууралуу сөз кылабыз.

Эгерде үйүңүзгө жаңычылдыкты же журналдын бетиндегидей өзгөчө стилди кааласаңыз, анда бул идеялар сиз үчүн!

  1. Бөлмөңүздүн жаркын көрүнгөнүн кааласаңыз, анда түстүү жаздыкчалар сизге жардамга келет. Айрыкча көлөмү жана түстөрү ар кандай, бир өңдүү же саймалуу жаздыкчалар.
  2. Үйүңүздө келген коноктордун көз жоосун алган өзгөчө жасалгалоо болушун кааласаңыз формасы ар кандай болгон күзгүлөр менен гирландияны айкалыштырып бөлмөңүздү кооздоп коюуңуз.
  3. Ашканаңыз кооз көрүнсүн десеңиз, анда бош турган айнек идиш же банкага күрүч, шекер, гречка өндүү майда азык-түлүктөрдү салып койсоңуз тыкан жана колдонууга ыңгайлуулу гана болбостон, өзгөчө кооздук да тартуулайт.
  4. Үйүңүзгө кирери менен маанайыңызды көтөргөн, жагымдуу атмосфера жараткан бир нерсе жетишпей жатабы? Анда ачык түстөгү килем тандаңыз. Айрыкча бөлмөнүн туш кагазы күңүрт түстө болгон учурда.
  5. Уктоочу бөлмөңүздүн оригиналдуу көрүнүшүн каалап жатсаңыз, анда декордун заманбап түрү болгон бөлмө чырагы сизге жардамга келет. Тандоодо жарык берүүдө жылуу же суук түстөгүсүн, тумбага коюулуучу же дубалга тагыла турган, ар кандай формада табитиңизге жараша алсаңыз болот
  6. Ошондой эле сырты бир түстөгү китептер дагы бөлмөнүн көркүнө көрк кошот. Ал үчүн бир өңчөй түстөгү, ар кандай өңдүү кагазды тандап алып китептердин сыртын ороп коюуңуз.
Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск