skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Экинчи үйүбүз аталган жумушта жүрүүнүн эрежелери…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

b5Эң биринчиден жумуш деген биздин ырыскыбыз деп түшүнсөк болот. Анткени анын аркасынан биз нан таап жейбиз, кийинебиз, жашайбыз…Убактыбыздын көп бөлүгү да жумушта өтө. Адам жумушун канчалык жакшы көрсө, ал ошончолук үзүрүн бере деген кеп бекеринен айтылбаса керек.
1) Эң негизги маселе бул-жумушка кечигип келүү. Кечигип келүү –демек жоопкерчиликсиз иш. Иштеген иш ордубуздан акча алып, нан таап жеп жаткандан кийин татыктуу иштегенге аракет кылышыбыз керек.
2)        Иштеген ишибиз мамлекеттикиби же жеке адамга тиешелүүбү маанилүү эмес. Башкысы оокатыбызды өткөргөнгө жараса болду. Демек, жумушка тууралуу  кийинип келүү да көңүл борборудузда болуусу шарт.
3)        Дайыма жумушка эң мыкты маанайда келишибиз керек! Биздин маанай чогу иштеген кесиптештерибизге да таасирин тийгизээрин эстен чыгарбайлы.
4)        Кесиптеш демекчи, кесиптеш менен колдон келсек сый гана мамиледе болуу туура. Аны жамандагандан же ага сырыңызды айткандан алыс болуңуз. Бирде болбосо бирде бул нерсе сөз жок угулуп калат.
5)        Андан соң ар касы иштин башын баштабай, бирин бүтүрүп анан экинчисине өтүңүз. Ишти болушунча так жана туура жасоого аракет кылыңыз. Тактык сиздин келечекке чоң өбөлгө болот.
6)        Эч качан жумуштан жеке маселеңизди талкулоодон, телефон аркылуу көп сүйлөшүүдөн алыс болуңуз. Бул нерсе жаныңыздагылардын кыжырын келтириши толук мүмкүн.
7)        Отурган ордуңузду таза, иреттүү кармасаңыз, эшиктен келген кишиге да, жаныныздагы кесиптешиңизге да жагымдуу болот.
8)        Жумушта жөн гана иштеп жүрө бербестен ЛИДЕР болууга умтулуңуз. Алдыдагы максаттарыңыздын ишке ашуусу үчүн болгон күч аракеттериңизди жумшаңыз.
9)        Жетекчиңиз менен же кесиптешиңиз менен тил табыша албасаңыз  анда алардан унчукпай кутулуңуз. “Унчукпаган адам үйдөй балээден кутулат” деген сөз эсиңизде чыгаар.
10)        Жөнөкөй жумушчу болуп келип, жетекчиликке чейин көтөрүлүүгө сизден болгону жоопкерчилик, тактык, чыдамкайлык жана адамкерчилик талап кылынат……
Дайыма жумушуңузду сүйүңүз, анткени күнүмдүк ырыскыңыз да, жашооңуз да ошол кылган ишиңиздин жыйынтыгында!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск