skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Чүпүрөк- адамдын көркү!

Чүпүрөк- адамдын көркү дейт. кыргызда, кээ бир кезде бул түс мага жарашабы же жарашпайбы деп ойлонуп жатсаңыз, анда бул маалыттар сиздер үчүн!

Стилисттердин айтымында кара өң баардык адамдарга жарашыктуу, айрыкча ак жумал жана чачы ачык түстөгүлөргө. Көбүнчө бул тустөгү кийимдерди салатанаттуу кечелерге кийүүнү сунушташат.

Күрөң түс көбүнчө жашы улуу аялдарга жакшы жарашат жана жүндөн токулган, спорт кийимдерин тандоодо дал ушул өнгө басым жасоону сунушташат.

Жашыл өң көпчүлүк адамдарга жага бербесе дагы анын жумшак тону өтө жагымдуу. Бирок баардыгына жараша бербейт. Адистердин кеңеши боюнча бул түтөгү кийимдерди көбүнчө жайкысын, күн жылуу кезде кийүү туура болот.

Кызыл түс негизинен жаштарга жарашыктуу, сулуулугуна сулуулук кошуп, адамдын өңүн ачат. Анын ак, кара жана көк түстөгү кийимдер менен шайкештиги классикалык комбинацияны берип, жашы ортолоп калган аялдарга колдонууга да шарт түзөт.

Сары түстөгү кийимдер айрымдарга гана жагат жана бул өңдөгу кийимдер жайында күнгө күйгөн териге жарашыктуу болот. Эгерде толук көрүнгүңус келбесе бул тустөгү кийимдерди кийбей эле койгонуңуз оң.

Көк түс көбүнчө жумушка кийген кийимдерге ылайык жана анын ак түс менен шайкештиги баардык адамдарды келишимдүү көрсөтөт. Бул өң классикалык, спорттук айтор баардык стилдеги кийимдерге колдонулат.

Ак түс — өңдөрдүн падышасы деп бекеринен айтылган эмес, Бул түс турган туруму менен элеганттуулукту берип, баардык жаштагыларга жарашыктуу. Ал эми жашы өтүп калган айымдарга пилдин сөөгүнүн түсүндөгү, тагыраак айтканда саргыч-ак өңдөгү кийимдер туура келет.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск