skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Бизге керектүү витаминдер!

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Достор, ден-соолукта болуу үчүн  туура тамактануудагы маанилүү эмеспи, өзгөчө витаминге бай жер-жемиштерди күнүмдүк тамак-ашта көп колдонуу керек. Адистер шабдалы, жүзүм, дарбыз, коон, карагат, кулпунайды өзгөчө жайкысын көбүрөөк жегенди сунушташат.

Эң эле алгач ашкабактын пайдасын айта кетейин. Бул азыкта бизге керектүү витаминдердин дээрлик баардыгы камтылган В1, В2, С, Е, РР, калий, калций, магний, темир, жез, фтор, натрий жана башкалар. Ашкабакты канча убакытка чейин сактасаңыз дагы ал өзүндөгү витаминдердин касиетин жоготпойт жана жүрөк ооруларынын алдын алат.

Цитрус жемиштери: Мандарин, апельсин, грейпфрут жана лимон. Буларда тамак ооруу, жөтөлдун алдын алган С витамини көп өлчөмдө.

Курма курамында алма, жүзүм, инжир камтыган витаминдердин баардыгы бар жана антиоксиданттын өлчөмү көп. Ал дем алуу органдарынын рак оорусунун алдын алат, кош бойлуу айымдарга, каны аздарга эң керектүү, табылгыс азык. Ал эми кант диабети менен ооругандарга жегенге сунушталбайт.

Капуста кышында эң керектүү азыктардын бири. Туздалган, кайнатылып бышкан же чийки түрүндө болсо дагы тамак-ашта колдонгонду унутпаңыз. Себеби,  А, В1, В2, В5, С, К, РР жана сейрек кездешчүү, тамак-аш аллергиясына, астма ооруларына каршы күрөшүүдө табылгыс дары болгон U витамини бар.

Экзотикалык жемиштердин ичинен витаминдерге бай кивини күнүмдүк рационуңузга кошуп коюуңуз. Анткени ал иммунитетти көтөрүп, ар кандай вирустук оорулар менен күрөшүүдө пайдасы чоң.

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск