skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Аяз Ата келиңиз!

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Аяз ата келиңиз акциясы старт алып каттарды кабыл алуу процесси башталды! Вотсап: 0701 53 10 66)) Каттар өзгөчө жана кызыктуу болушу шарт! Күтөбүз!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

4 комментария на «“Аяз Ата келиңиз!”»

  1. Салам айтам ушул келген жылыма
    Салам айтам аяз атага кымбаттуу
    Салам айтам аяз кызга сымбаттуу
    Келип калды жаны жылым жалтырап
    Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап.
    Аяз ата камдап белегин,
    Аяз кыз турат жылмайып.
    Жаны жыл келди шыктанып,
    Жашоолорду бак кылып.

    Саламаттсыздарбы аяз ата жана аяз кыз келе жаткан жаны жылыныздар менен. Мен Роза Насирдинова Элдияровна 7 жаштамын, 1 класста окуйм 2015жылы да кат жазгам куттуруп келбей койдунузго, эми келинизчи мага телефон подарка кылынызчы ,синдим Жаркынай Насирдинова 6жашта английский китеп беринизчи, иним Чилтен Насирдинов машина оюнчугун беринизчи, эн кичине кенжебиз Тууганбек Насирдинов 2017 жылы14 февралда торолду ал абдан кичинекей ал подарканы билбейт . Мага апам жардам берди. Аяз ата аяз кыз сиздерди чыдамсыздык менен кутом. Биздин адрес. Арча-Бешик конушу 11кочо уй102. Атамдын номери 0777155807, чон апамдын номери 0778012047

  2. Жалпы кыргыз журтчулугубузду кирип келе жаткан жаны жылыныздар менен куттуктап кетем.Кыргызтан обондору дайыма элибиздин маанайын которуп,майрам тартуулап журо бергиле!Кирип келе жаткан жаны жылыныздар менен! Биздин дарегибизди жогоруда жазбай кетиптирмин.Ак-Ордо жаны конушу,Шамшы кочосу 4/160.Тел.0707 12 93 07,0773 12 93 07.Гулина.

  3. Салам Аяз Ата,аяз кыз!Биздин уй-булоо сиздерди чыдамсыздык менен кутобуз. Менин 3 балам бар.Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаны конушунда турабыз.Балдарыма жылда жаны-жылда аяз ата келет деп айтабыз.Бирок ушуга чейин аяз атанын келгенин корбой ишенбей келишет.Быйылкы жаны-жылда балдарымдын ишеничин актап ,уйубузго келип кетуунузду суранабыз.

  4. Саламатсызбы аяз ата, аяз кыз!
    Мен көптөн күткөн жаӊы жыл да жакындап калды. Мен силерге кат жазуу үчүн, силер менен жолугуу үчүн жаӊы жыл майрамын чыдамсыздык менен күтөм жана бул майрамды сүйөм. Кыргызстан обондору радиосунан бул жылы «Ынтымактуу үй-бүлөөлөрдү» кыдырарыӊарды угуп кат жазууну чечтим.
    Менин үйүмдө чоӊ атам, чоӊ энем, атам, апам, Жаку эжем, эки байкем жана мен болуп жашайбыз. Биздин үй-бүлөөнү ынтымактуу үй-бүлөө деп эсептейм. Анткени баарыбыз чоӊ атамдын айткан сөзүн угабыз. Сыймыктуу чоӊ атам жалгыз гана өзүнүн балдарынын эмес бүтүндөй айыл жаштарынын насаатчысы, окуучулардын сүйүктүү агайы, атасы; ал эми кесиптештеринин кеӊешчиси, жолдошу, чыӊдыкты таамай айта билген адилеттүү адамы десем жаӊылышпайм. Чоӊ апам болсо өз очогун өчүрбөй, карым-катнаштуу бир чоӊ үйдүн кожоюну болуп жашап келе жатат. Алар алты баланы тарбиялап, окутуп-чокутуп уядан учуруп, бүгүнкү күндө 12 неберени сүйүп, алар менен бактылуу болгон чоӊ ата, чоӊ эне; таята, таене болуп ынтымактуу үй-бүлөөнүн башында турушат.
    Атакем болсо айылдагы чарбасын мыкты билген, мал-жанын караган эмгекчил адам. Атакемди биздин айылдын адамдары «Мичурин» деп коюшат. Анткени бакчасын гүлдөтүп койгон. Бакчасында алма-өрүктүн түрү, карагат дегеле койчу жемиштин түрү шилекейинди агызат. Атакем чоӊ атамдын аброюн сактаган, ата жолун улаган, жашоосуна тыӊ адам десем жаӊылышпайм. Эми апакем жөнүндө сөз козгобосом болбос. Анткени менин сүйүктүү апам бизди төрөгөн, бизди багып чоӊойткон адам эмеспи. Байкелерим менен мага тарбия берип, жашообузда күлүп жүргөнгө жанын үрөп, атамдын оорун колдон, жеӊилин жерден алып эриш-аркак болуп өмүр сүрүп келе жатышат. Эки байкем болсо мектепти жакшы окушат, атам-апамдарга жардам берген элпек балдар.
    Бири-бирибизди сыйлайбыз. Эч качан үйдө уруш болгон эмес. Чоӊ атам менен энем мектепте окуган байкелеримди жана мени эркелетип турса, атам менен апам да өз мээримдерин төгүп келишет. Жаку эжекем болсо мен эмне кааласам ошонун баарын алып берет. Кыскасы мен эрке кызмын  жана бактылуумун. Чынын айтсам мага ЖАШОО КЕРЕМЕТ.
    Аяз ата, аяз кыз мен үй-бүлөөмдүн ынтымактуу экенин далилдегенге аракет кылдым. Биздин үйгө келип чоӊ атам менен чоӊ энемди сүйүнтөсүӊөр деген үмүттөмүн. Силер келсеӊер алар абдан кубанып тозуп алышат. Менин дарегим: Ыссык-Көл областы, Тоӊ району, Кара-Талаа айылы, Урманбетов көчөсү №19. (Чынгожоев Уйчубектин үйү ). Апакемдин номери: 0773452757, 0557452757 (апамдын аты Жазира)
    ЖАНЫ ЖЫЛЫНАР МЕНЕН Кыргызстан обондорунун жалпы жамааты!!! Бул жыл жакшылыктын жылы болсун. Дайыма үнүӊөр өчпөй кыргыз элине кызматыӊарды кылып жүрө бергиле. Силерди сүйүп угабыз. Тереӊ урматтоо менен УЙЧУБЕКОВА САБИНА КАМЧЫБЕКОВНА.

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск