skip to Main Content

Дарек:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр көчөсү 4Б,8-кабат.

Телефондор:
студия: +996(312) 531065
офис: +996 (312) 530555
Жарнамалык кызмат: +996 (312) 530555

e-mail: radio@obondoru.kg

Алмайдын бермейи бар…

Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

АtEq2ur4Bзыркы заманда карызга акча албаган киши болбосо керек. Бирөө карызга акча сурап келген болсо, кантип кайтарып алам деген коркунуч пайда болушу мүмкүн. Бирок ал адам сизге ишенип, жардам сурап келген соң, бербей коюуга да болбойт. Анткени эртеңки күнү өзүбүз да бир нерсеге муктаж болуп калышыбыз толук мүмкүн.
Эгер сиз  карызга акча алган болсонуз, “алгандын бермейи бар” дегендей, алганды өз убагында кайтарып берүү туура болот. Себеби, кийин да карыга сурап бара турганга ишенич жаратышыңыз керек.  Андан биринчи чынчыл, жоопкерчиликтүү болушуңуз шарт. Карыз алган соң, аны бир күн да кечиктирбей, тескеринче бир-эки эрте бергенге үйрөнүңүз. Бул карызга берген адамдын сизге болгон ишеничин, кубанычын  жаратканга түрткү болот ( рахмат айтууну биринчи орунга коюуну унутпаңыз.))) Эгер аны бере турган учурдан кечиктирсеңиз, кечиримди сөз жок сураңыз.
Бир-эки жолу карызга акча берген кишиге кайра-кайра сурап бара берүүнүн кажети жок. Мындай кылык менен ал адамды ирээжитип алышыңыз мүмкүн!
Дагы бир токтолуп кетчү нерсе, “ортомчу” болгондо алыс болгонуңуз оң. Муну менен сиз бир эле адамга эмес, эки жакка тең жаман көрүнүп калышыңыз толук мүмкүн. Учурда “ортомчу” катары биринен экинчисине акча алып берип коюп, ортодон өздөрү кошо карызга малынып жаткандарды кезиктирип эле жүрөбүз. Кыскасы, ортодо жек көрүнчү болуп калуудан этият болуңуз!
Ишенбеген адамыңызга карызга акча берип керек жок, бул учурда “Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн” деген накыл кепти эске салганыңыз оң!
Карызга алып жатканда да, берип жатканда да, сылыктык талап кылынат. Бул өтө эсте калаарлык нерсе мындан кийинки жашооңузга залакасын тийгизбейт.
Карызга алып жатканда ашыкча күбөлөрдүн кереги жок. Анткени ишеничтүү адам катары көзмө-көз алышып беришкен туура болот.
Бир гана акчаны эмес буюмдарды да карызга алган учурлар болот. Башка буюмдарды берсеңиз да, кийим-кече сурагандан алыс болуңуз! Себеби, бирөөнүн кийимин экинчи адам эс качан өзүндөй кийе албайт. Ашыкча жыттарды да жугузуп коюшу мүмкүн.
Эгер буюм алган болсоңуз бузуп же сындырып алгандан этият болуңуз. Анын буюмуна окшош тбуюм базардан табылбай калышы мүмкун.
Майда-чүйдө акчаларды эске албаганда, насыяга (кредит) акча албаганга аракет кылыңыз! Анткени насыя сизди өмүр бою карызга малып коюшу мүмкүн!!!

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.

Соц.тармак аркылуу жазыңыз

Добавить комментарий

Back To Top
×Close search
Поиск